• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

ИИМ мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн үстүнөн иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана аларга калктын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча иштерди жасоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ишмердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыттардын бири мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлор бирдиктүү терезе принципи боюнча ишке ашырылат.

Азыркы учурда ИИМдин мамлекеттик кызмат көрсөткөн көп тармактуу борбору Кыргызстандын бардык шаарлары менен райондорун камтыган.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча "Бирдиктүү терезе" режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн 7 борбор (Чүй ОИИББде, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас ОИИБде) жана 31 пункт (Жайыл, Ала-Бука, Токтогул, Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Лейлек, Кочкор, Ак-Тала, Ат-Башы, Жумгал, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу, Түп, Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата, Талас, Ноокен, Араван, Тогуз-Торо райондорунун, Токмок, Каракөл, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Балыкчы шаарларынын ички иштер бөлүмдөрүндө) иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган борборлордо КРнын аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө тактамалар, ок атуучу куралдарды алууга, сактоого уруксат берүүчү, кооптуу жана жарылуучу жүктөрдү атайын унаалар менен ташууга жана коштоп жүрүүгө уруксат берүүчү документтер берилет. Андан сырткары, документтерди апостилдөө боюнча кызматтар дагы көрсөтүлөт.

Кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы же соттуулугу жоктугу жөнүндө тактамаларды электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу дагы алууга болот.

Андан сырткары, 2021-жылдын декабрь айында ИИМдин курамына кирген "Унаа" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик порталдар аркылуу электрондук форматта кызматтарды көрсөтүүдө. Жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталынын жардамы менен онлайн түрдө транспорт каражаттарынын бар же жоктугу жөнүндө көчүрмөнү алып, улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жарамдуулугун, транспорт каражаттарынын катталгандыгы жөнүндө документтерди жана башкаларды текшере алышат.

Андан сырткары, Carcheck бөлүмүнөн автоунаа жөнүндө актуалдуу маалыматтарды ала алышат. Анын ичинде транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды, мамлекеттик номур боюнча элөөнүн мезгили жана чектөөлөр тууралуу маалыматтарды алса болот.

ИИМ азыркы учурда мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде электрондук форматта көрсөтүлгөнгөн кызматтарды өнүктүрүү боюнча иштерди жасап жатат.

Пикир

Оставить комментарий