• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкек мэриясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдордо этият болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек мэриясынын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдордо этият болууга чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өткөн жылы 2663 жол кырсыгы катталып, анын 1346сы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда, 3396 адам ар кандай жаракаттарды алып, 64 адам каза болгон.

“Жолду жер астындагы өтмөктөр аркылуу, «Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер» деген белги же белги менен белгиленген жерлерден гана кесип өтүңүздөр. Өзүңүздүн толук коопсуз экениңизди карап, телефон жана башка гаджеттерге алаксыбаңыздар, ошондой эле жолдон чуркап өтпөө маанилүү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы айдоочулардан жол эрежесин сактоону, айдап бара жатканда мүмкүн болушунча этият жана ылдамдыкты сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий