• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Иманкулов: Садыр Жапаров Рахмон менен жолуккандан кийин көңүлү калды

Коом 0


Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. УТРКнын эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында өткөн эки тараптуу жолугушуусуна комментарий берди.

Анын айтуусуна караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп кеткенде жагдай тууралуу дароо президент Садыр Жапаровго маалымат жеткирилген.

Ал ШКУ саммитинин алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууну талкуулашкандыгын айтты.

Журналисттин тажик тараптан кандай реакция болду деген суроосуна Иманкулов эч кандай реакция жок деп жооп берди.

"Эгерде кандайдыр бир реакция болсо, анда баары тып токтомок. Ок атылып жаткан жерде Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси жүрдү. Кийин ал жерге УКМКнын атайын кызматынын жетекчиси келди. Аларда ок атууну токтотууга бардык мүмкүнчүлүк бар болчу. Алар токтотпогондон кийин, демек үстүдөн буйрук келген эмес. Мен эмнеге мынтип айтып жатам? 2021-жылдын 29-апрелиндеги окуялардан кийин Садыр Жапаров элдин сынына карабастан Эмомали Рахмон менен сүйлөшөм деп Тажикстанга барган. Ал жеке жолугушуу керек деп ойлогон. Бирок Кыргызстанга келгенден кийин аны менен (Эмомали Рахмон) сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин айткан. Анын (Садыр Жапаровдун) абдан көңүлү калып калган. Анын чек араны чечейин деген ою жок окшойт деген", - деп билдирди Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, андан кийин Кыргызстан жаңжал кайталанарын билген жана жергиликтүү калк ар бир мүнөттө өзүн-өзү эвакуациялоого даяр турган.

Пикир

Оставить комментарий