• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенге жардам. Аймакка 1 миң тоннадан ашуун гумжардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында учурда Баткен облусуна жалпы 1 миң 53 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.

“Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгиленгендей, республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу 122 унаага жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.

Жалпысынан аймактан 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий