• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эми кыргызстандыктар эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшере алышат

Коом 0


Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

"Ар бир жаран эттин сапатын, малдын жашын, ал кайдан келди, качан союлду, эт азыгы тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баарын QR-код аркылуу биле алат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий