• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкек мэриясы ишембиликке чыкпаган уюмдардын тизмесин жарыялады

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоонун бир айлыгы аяктады.

Бишкек шаарынын мэриясы ишембиликтерге активдүү катышканы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирет.

"Бирок, кээ бир уюмдар ишембиликке бекитилген участокторго чыккан эмес", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Тартип бузган 38 мекемеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чарба жүргүзүүчү субъектилердин айланасында тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн протоколдор түзүлдү. Аларга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.

Мекемелердин тизмеси:

  • "Түндүк" темир жол бажысы;
  • Улуттук илимдер академиясы;
  • Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы;
  • Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагы;
  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультети;
  • А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму;
  • № 100 кесиптик лицей;
  • № 2 клиникалык шаардык төрөт үйү;
  • Клиникалык тез жардам ооруканасы;
  • “Октябрь” кинотеатры;
  • "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишкана;
  • “Берекет Универсал” базары;
  • “Уста” базары;
  • “Баткен комфорт” базары;
  • “Жумушчу” базары;
  • “Пишпек” базары;
  • “Элиткурулуш” базары;
  • “Дордой-Моторс” базары;
  • “Ош базары” Соода базар комплекси;
  • “Берекет Гранд” Соода борбору;
  • “Берекет” ЖАК;
  • "Бишкек ун комбинаты" ААК;
  • “Толубай” коммерциялык банк ЖАК;
  • Улуттук телерадиоберүү корпорациясы;
  • Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгы;
  • Билим берүү жана илим министрлиги;
  • Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;
  • "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук бирикмелердин ассоциациясы;
  • "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК;
  • Бишкек шаардык телефон станциясы;
  • Бишкек шаардык мамлекеттик архиви;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "161" куткаруу кызматы;
  • "Кыргызстан Халык Банкы" ААК;
  • Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти;
  • “Кыргызжолтрансдолбоор” мамлекеттик ишканасынын Долбоорлоо изилдөө институту;
  • Инновациялык технологиялык эл аралык университети;
  • Эл аралык медицина университетинин Чыгыш кампус илимий өндүрүш комплекси;
  • Эл аралык медицина университети.

Пикир

Оставить комментарий