• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрда 5-май - Конституция күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аскер кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

“Учурда Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп жатат”, - деп белгиледи өз сөзүндө Эрнисбек Ормоков.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мындан туура 30 жыл мурда, тагыраагы, 1993-жылы 5-май күнү кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий