• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкек мэриясы Орто-Сай базарында кандай иштер аткарылып жатканын тизмектеди

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Мэриянын шаардык кызматтары Орто-Сай базарынын аймагын иретке келтирүү боюнча иш алып барууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкекасфальтсервис” ишканасы сугат тармактарын жана торчолорун орнотуу менен асфальттоо иштерин баштады.

Ал эми муниципалдык инспекция базарды тынымсыз көзөмөлгө алууну улантууда. Базардын аймагындагы башаламан соода түйүндөрү тазаланып, жалпысынан 300дөн ашуун түйүн алынган.

"Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, 175 миң сомго 26 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, базардагы чарбалык субъектилердин ээлерине жана ижарачыларына фасадды иретке келтирүү боюнча 5 тапшырма берилди.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 31 объект, анын ичинде жеңил типтеги объектилер, чатырлар, жарнамалык конструкциялар, 120 метр темир тосмо алынган.

Шаардык кызматтар базарга келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ишин улантууда.

Ошондой эле муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине караштуу “Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар” муниципалдык ишканасынын адистери Оберон базарына инвентаризация жүргүздү. Жыйынтыгында базардын аянты 1,68 гектарды түзүп, 617 соода жайына бөлүнгөнү аныкталган.

Бүгүнкү күндө келишимдерди кайра түзүү жана штаттык бирдиктерди кароо боюнча иштер аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий