• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкек мэриясы парктардан ижарага орун алууга болорун эскертет

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы парктардан ижарага орун алып, соода кылса болорун эскертет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 18-декабрдан баштап Бишкектин 14 паркында балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуу кебез жана балдар оюнчуктарын сатуу үчүн орундарды ижарага алуу үчүн арыздар кабыл алына баштады.

Ижара үчүн арыздар саат 09.00дөн 18.00гө чейин Чокморов көчөсү, 246 дарегинде кабыл алынат.

Төмөнкү парктарда орундар берилет:
- Адинай – 6 орун;
- Ата-Түрк – 5 орун;
- Кайың багы – 4 орун;
- Жаңгак токою – 4 орун;
- Жукеев Пудовкин сквери – 3 орун;
- Кара жыгач токою – 5 орун;
- Боталиев – 4 орун;
- Ч.Түлөбердиев – 1-орун;
- Фучик – 4 ай;
- Жаштар – 11 орун;
- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркы – 2 орун;
- Ынтымак-1 – 3 орун;
- Ынтымак-2 – 7 орун;
- Жеңиш (түштүк дарбаза) – 5 орун.

Муниципалдык мүлк комиссиясынын 16-декабрдагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.

Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча 0312 979 195 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий