• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгууда

Коом 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги шаардыктардын назарына Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сунуштайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алар төмөнкү долбоорлор:

- «Бишкек шаарында жогорку ылдамдыктагы автобустук каттамдарды киргизүү»;
- Айтматов- А.Масалиев проспектилерин көрктөндүрүү;
- Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;
- «Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жана Бишкек шаарынын жээктерин жакшыртуу»;
- Кара жыгач токой паркын жашылдандыруу;
- "Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай".

Долбоорлор Бишкек шаарында жагымдуу бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Долбоорлорду төмөнкү шилтемелер боюнча тапса болот:

кыргыз тилинде, орус тилинде, англис тилинде.

Пикир

Оставить комментарий