Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын административдик соту Бишкек мэриясынын троллейбустук байланыш түйүндөрүн демонтаждоо боюнча аракеттерин мыйзамдуу деп тапты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, сот жаран Б.Борубаеванын доосун канааттандыруудан баш тартып, көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастады.
Троллейбустардын байланыш түйүндөрүн демонтаждоо жана троллейбустарды өткөрүп берүү бир нече себептерден улам болгон:
- Троллейбус линияларын кеңейтүүнүн жана модернизациялоонун жана маршруттарды тез арада оңдоонун татаалдыгы;
- Айырмаланган эки бизнес-процессти башкаруунун наркы, троллейбустарды чектелген сандагы тейлөө үчүн адистештирилген персоналды кармоо зарылчылыгы;
- "Ачык асман" демилгесин колдоо жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу;
- Колдонуучулардын азайышынын туруктуу тенденциясы жана натыйжада коомдук транспорттун бул түрүнүн рентабелсиздиги;
- Линиядагы авария бардык троллейбустардын токтоп калышына алып келет жана жүргүнчүлөрдү түшүрүүдө кыйынчылык жаралат.
Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн шаарды коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу кылуу үчүн коомдук транспортту жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча иштерди улантууда.
Пикир
Оставить комментарий