• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкек мэриясы таштандыны башаламан таштагандарга айып салынарын эскертет

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы таштандыны башаламан таштагандарга айып салынарын эскертет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбековдун жетекчилиги астында кызматкерлер таң эрте санитардык эрежелерди бузгандарды текшерип, тазалык эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Санитардык эрежелерди бузгандарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Мэрия шаардыктарды жана борбордун конокторун борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин сактоого чакырат жана КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесине ылайык, таштандыларды туура эмес жерге таштоо жана өрттөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн 55тен 230га чейинки (5500дөн 23000 сомго чейин) өлчөмүндө айыппул каралгандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий