• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто аудитордук компания тарабынан коркутуу жолу менен 500 миң сом талап кылуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. "Аудит-Финучет" аудитордук компаниясы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдарынын атына жамынып, коркутуп-үркүтүү жолу менен 500 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан муниципалдык менчиктин ижара акысынын суммасын азайтып көрсөтүү фактысы боюнча Маалыматтарды каттоо журналына катталган материалдын алкагында УКМК тарабынан кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу аталган уюмдун финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудитти уюштуруу жана жүргүзүү максатында "Аудит-Финучет" аудитордук компаниясы жетекчиси Ж.З.А. жана адиси Б.Н.С. менен келишим түзүлгөн.

Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган аудиторлор Муниципалдык менчик башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүдө УКМК органдарынын атына жамынып, коркутуп-үркүтүп "Олимп групп" ЖЧКнын жетекчиси К.Д.А.дан документациядагы мыйзам бузуулар жөнүндө фактыларды жашыруу үчүн опузалап 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражат талап кылгандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Жогоруда аталган аудиторлордун мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу жана документтештирүү максатында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинде каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголуп, аудиторлор тарабынан опузалап талап кылуу жана ортомчу Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери аркылуу акча каражаттарын алуу фактылары аныкталып документтештирилген.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий