• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дордой базарынын айланасындагы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайлар жоюлду

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарында башаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо боюнча рейд уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге жол көзөмөлдөө боюнча инспекторлор жана жарандык активисттер катышууда. Күнүгө 8 эвакуатор чыгып, учурда 50дөн ашык унаа убактылуу кармоочу жайда турат.

Рейддин алкагында Дордой базарынын айланасындагы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайлар жоюлду.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдө бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат.

Пикир

Оставить комментарий