• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктар 10-октябрдан баштап жогорулатылган пенсия ала баштайт

Коом 0

Бишкек, 07.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандыктар 10-октябрдан баштап жогорулатылган пенсия ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Ал "Пирамида" каналына берген маегинде айткандай, 9-сентябрдагы токтомго ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулаган.

“Пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом болсо, 1-октябрдан баштап ал 3170 сомго көтөрүлдү. Мындан сырткары, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады. 2022-жылдын аягына чейин пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө бюджеттен 3 млрд 83 млн сом бөлүнгөн. Пенсиялык фонддон 1 млрд 341 млн сом пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө жумшалат. Жогорулатылган пенсия 10-октябрдан баштап берилет”, - деди ал.

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык, 2022-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча пенсионерлердин саны 735 миң 700 адамды түздү.

Ведомстводон буга чейин билдиришкендей, боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8 миң 80 сомду түздү. Бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33%га же 1 миң 988 сомго жогору.

Пикир

Оставить комментарий