Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, эрте никеге туруунун, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүп келүүдө.

Облустук милициядан билдиришкендей, бул жолку алдын алуу жумуштары Базар-Коргон, Таш-көмүр, Ала-Бука жана Чаткал милициясы тарабынан жүргүзүлдү.

"Мектеп окуучуларына уюлдук телефондорду туура багытта пайдалануу, ар кандай социалдык тармактарга кирбөө керектиги эскертилди. Түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыкпоо, терс көрүнүштөргө кабылуудан оолак болуу зарылдыгы айтылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, чек арага жакын аймактарда жашаган жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүп, чагымчыл маалыматтарга ишенбөө, такталбаган маалыматтарды таратпоо, расмий маалыматтарга гана көңүл буруу керектиги жеткирилди.

Ошондой эле мектептерде окуучуларга эрте никеге туруунун жана өз өмүрүнө кол салуунун алдын алууда дин өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий