• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лейлекте мал сарайда жашынып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде 18-июль күнү чет өлкөнүн 37 жаштагы Н.А., аттуу жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы Б.И., аттуу тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөн.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы Б.И.нын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий