• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. 2019-жылдын май айынын башында КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекурттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террористтик иштерге катыштыгы бар делип шектелип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны А.Н., кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, А.Н., сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен.

"Азыркы учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат

Пикир

Оставить комментарий