• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек мэриясы ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөрүн эскертет

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Суу жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында өчүрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий