• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2016-жылы “Кыргызкөмүр” МИнин кирешеси 20 млн сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. 2016-жылы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын (МИ) кирешеси 20 млн сомду түздү деп билдирди МИнин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, жакында Нарын облусунун Кара-Кече көмүр кенинде “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жамааттык көчмө жыйыны болду.

Жыйында 2016-жыл жыйынтыгы чыгарылып, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кирешеси 20 млн сомду түзгөндүгү маалымдалды.

Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү мамкомитетинин, Нарын облмамадминистрациясынын, раймамадминистрациянын ардак грамоталары менен ишкананын 30дан ашык кызматкерлери сыйланышты.

Профсоюздун фондунан ишкананын кызматкерлерин шыктандыруу максатында сыйлык катары акча каражаттары берилди.

Пикир

Оставить комментарий