• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Конституциялык кеңешменин максаты – бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту иштеп чыгуу – Исмаилов

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Конституциялык кеңешменин максаты – бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту өтө тактык, кылдаттык менен иштеп чыгуу. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин жыйынында аталган кеңешменин мүчөсү Нурлан Исмаилов билдирди.

“Эң чоң маселелердин бири бийликтин дүйнөлүк классикалык үч бутакка бөлүүнү принцибин ишке ашыруу болууда. Бул жерде эки маселе өтө маанилүү. Биринчиси, мамлекеттик бийликти үч бийлик бутагы ортосунда тең салмакта бөлүү. Экинчиси, бийлик бутактары ортосудагы тең салмактуулукту сактоо. Бир бийлик мамлекеттик бийликти узурпацияга алып, башка саясий оюнчуларды, коомдун, анын ичинде жеке адамдын укуктук кызыкчылыктарына кыянаттык кылбашы керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий