• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

5-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 1-декабрдан 5-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-декабрда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-3-декабрларда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда эртең менен, күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-декабрда Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-4-декабрларда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда күндүз жана 2-4-декабрларда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

1-3-декабрларда жана 4-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда күндүз жана 5-декабрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда күндүз жана 2-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-4-декабрларда жана 5-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий