• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкек мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгалоого сынак жарыялады

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаар тургундарын, мекеме-ишканаларды борбор калааны жаңы жылдык мыкты жасалгалоо сынагына катышууга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак майрамдык маанайды түзүү, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жогорулатуу жана шаардыктардын чыгармачылык демилгесин колдоого багытталган.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1. Административдик райондордун аймактарын (сейил бактарды, скверлерди, коомдук жайларды ж.б.) жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо:

2. Министрликтердин жана ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана тегерек-четтерин жаңы жылдык мыкты жасалгалоо:

3. Ири соода комплекстеринин, борборлордун жана базарлардын фасаддарын жана аларга жакын аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо:

4. Соода жана тейлөө объектилеринин, кеңселердин жана башка объектилердин фасаддарын жана аларга жакын аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо:

5. Көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун жаңы жылдык жасалгасы:

Уюштуруучулардын чечими боюнча номинацияларга өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча сыйлыктар белгилениши мүмкүн.

Сынактын шарттары:

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттер, жеке ишкерлер жана Бишкек шаарынын тургундары катыша алышат.

1. Катышуучулар 2024-жылдын 15-декабрынан 31-декабрына чейин dgh@meria.kg электрондук почтасына сынакка катышуу үчүн арызын электрондук түрдө тапшырышы керек.

2. Арызга бүткөрүлгөн объекттердин фотосүрөттөрү же видеолору тиркелүүгө тийиш. Сүрөттөр ачык-айкын жана жогорку сапатта болушу керек.

3. Сынактын материалдары жаңы жылдык темага туура келиши жана коопсуздук чараларын сактоо менен толтурулушу керек.

Сынактын жыйынтыгын сынактык комиссия 2025-жылдын январында чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий