• 86.94
  • 93.43
  • 0.98

Бишкек мэриясы жарандарды унааны бак-дарактардын алдына калтырбоону эскертет

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы жарандарды унааны бак-дарактардын алдына калтырбоону эскертет.

Мэриядан билдиришкендей, борбор калаада нымдуу кар бак-дарактардын салмагына терс таасирин тийгизүүдө.

“Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборунун 1840 жана 1850 күнү-түнү иштеген номерлерине, ошондой эле сүрөттөрдү жана видео билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүнү суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий