• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Макеев Жогорку Австрия федералдык жеринин губернатору менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-ноябрында Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев Линц шаарына иш сапары менен барып, өлкөнүн эң маанилүү өнөр жай аймагынын бири болгон Жогорку Австрия федералдык жеринин губернатору Томаш Штелцер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи губернаторго кыргыз-австриялык мамилелердин негизги багыттары, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Австрияга 2021-жылдын 30-сентябрынан 2-октябрына чейин болгон иш сапарынын жана Австриянын Европа жана эл аралык иштери боюнча федералдык министринин Михаэль Линхарттын 4-5-ноябрда Бишкек шаарында өткөн «ЕБ – БА» Биринчи экономикалык форумуна катышуу жана КР ТИМ башчысы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Министр Михаэль Линхарттын Кыргызстанга иш сапарынын алкагында 16 австриялык компаниялардын коштоп жүргөн расмий өкүлдөрү үчүн Кыргызстандын потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен B2B форматында өзүнчө бизнес-форум уюштурулуп, анын жыйынтыгында кызматташуу боюнча бир канча меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле иш сапардын алкагында министр Линхарт КР президенти Садыр Жапаров тарабынан да кабыл алынып, КР Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Европа жана Эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин ортосунда 2022-2023-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлган.

2022-жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу, элчи тараптар кызматташуунун бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууда, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, илимий жана башка маданий практикалык конференциялар, тегерек столдор боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Элчи ошондой эле кыргыз тарап Австриянын саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, транспорт, санариптештирүү жана туризм тармагындагы алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин билдирди. Бул алкакта австриялык өнөктөштөр менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарында орто жана чакан ГЭСтерди курууда түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкуулашып, эки өлкөнүн ортосундагы IT-технологиялары боюнча адистешкен университеттердин ортосунда практикалык өз ара аракеттенүүнү түзүү аркылуу билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Элчи Кыргызстанда экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын, жашылча-жемиштерди өндүрүү, кайра иштетүү боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, аларды КРнын ВСП+ макамын эске алуу менен ЕБ рынокторуна андан ары максаттуу жеткирүүсүн белгиледи.

Элчи ушул жылдын 28-ноябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине шайлоодо, демократиялык процесстерди андан ары тереңдетүү жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо контекстинде маанилүү ролду ойногон өзгөчө аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Бул сунуш губернатор тарабынан жактырылды.

Губернатор Томас Штелцер Жогорку Австриянын мамлекеттик өкмөтүнүн башчысы катары эки тарапты тең кызыктырган конкреттүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде губернатор бул максатта КРнын Жогорку Австриядагы ардактуу консулу Вальтер Брембергердин мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуштады. Анткени ал көп жылдар бою ушул Федералдык жердин Соода-өнөр жай палатасын ийгиликтүү жетектеп келген, ошону менен бирге саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө, билим берүү жана маданият жаатында кеңири байланыштары бар.

Пикир

Оставить комментарий