Бишкек, 22.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкек мэриясы жигердүү эмгектин аркасында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) алган карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, 2018-жылы алынган 32 млн сом насыяны 2025-жылдын 30-мартына чейин төлөш керек болчу. Бирок ага карабастан бүгүнкү күндө насыя толугу менен жабылды.
“Негизинен 2018-жылы Бишкек шаарынын мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 7,9 млн сом кредит алган. Анын ичинен 5 млн сому кредит, ал эми калган 2,9 млн сом гранттык негизде берилген. Анын алкагында Бишкек шаарына 52 троллейбус каттамдан алынган. Белгилүү болгондой Бишкек шаарында жүргүзүлүп аткан саясаттын алкагында жана жетекчиликтин тапшырмасы менен бүгүнкү күндө троллейбустарды каттамдан алып жатабыз. Бул иш-чаралар “Ачык асман” программасын ишке ашыруу максатында жүргүзүлгөн.
Андан сырткары, бүгүнкү күндө мамлекетте региондорду өнүктүрүү саясаты ишке ашырылууда, анын алкагында Ош шаарына 100 троллейбус берилди. Себеби, бардык эле каражатты Бишкек шаарына эле жумшай берүү туура эмес. Көптөгөн сын-пикирлер айтылды. Айрым бейөкмөт уюмдар чет өлкөлүк уюмдарды бизге каршы үгүттөөгө аракет кылышты. Бирок ага карабастан, иш-аракеттер оң багытта жүрүп жатат.
Мына бүгүн биз 2018-жылы алган кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен төлөп бүттүк. Негизинен кредит ушул жылдын 30-мартына чейин берилген. Бирок биз ага карабай 32 млн сомго жакын акча каражатын төлөп бүттүк. Биздин ЕРӨБ менен болгон кызматташтыгыбыз ушуну менен токтоду. Биз бул чечимди, Бишкек шаары өзүнүнүн саясатын эчкимге көз карандысыз өзү жүргүзсүн деген максатта кабыл алдык", - деди калаа башчысы..
Жунушалиев белгилегендей, мындан сырткары, былтыр 1 млрд сом атайын жаңы техникаларды сатуу алуу үчүн бөлүнгөн.
"Бул суммага 170 даана техника алынмак. Бирок түздөн-түз заводдор менен кызматташып. Анын натыйжасында каражат үнөмдөлүп, дагы кошумча техника алууга шарт түзүлдү. Ошентип биз жалпы 217 даана техника алдык. Алардын баары этап-этап менен борборго келип жатат. Мына күн мурун 20 даана кар тазалоочу техника шаарга чыгып ишке киришти”, - деп сөзүн жыйынтыктады мэр.
Пикир
Оставить комментарий