• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Бишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага калаа башчысы Айбек Жунушалиев, мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаары боюнча салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Штабдын жүрүшүндө Бишкек шаарынын пландалган кирешелеринин аткарылышы боюнча отчет угулду.

Борбор калаа башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө бюджеттин киреше бөлүгү артыкчылыктуу болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга пландалган кирешелердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактардын субъекттерин кайра каттоо боюнча иштерди активдештирүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий