• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кудайберген Базарбаев Казакстандын ИИМ башчысы менен мигранттардын маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Бзарбаевдин Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда эки мамлекеттин жарандарынын миграциясына жана өз ара жүрүшүнө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Кудайберген Бзарбаев Казакстан Республикасынын аймагында эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аларды колдоо жана эмгек ишмердигин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин көтөрдү.

Тараптар мигранттарды реабилитациялоо жана коомго интеграциялоо программалары, ошондой эле эмгек миграциясын жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий