• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ошто 100 жылдык тарыхы бар мечиттин кошумча имараты демонтаждалды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы “Имам Сарахси” жума мечитинин жанындагы кошумча имарат бузулду. Имараттын орду ал чек арага жакын жайгашып, кызыл сызыкка курулуп калгандыгы аныкталгандан кийин демонтаждалган. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Шаардын жооптуу имамы Зияидин Юсупов “Имам Сарахсий” мечити мындан 100 жыл, ал эми кошумча имарат 70 жыл алдын курулганын айтты. Тагыраак айтканда, эки өлкө ортосунда эч кандай чек ара жок учурда курулган. Кийин чек аралар аныкталып, архитектуралык талаптар такталып, эки тарап өз жерлерин тоскон учурда аталган мечиттин кошумча имараты жолго туура келип калганы аныкталган. Азыркы учурда имарат толугу менен алынып, жол ачылды.

Ошондой эле ведомстволор аралык комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен, ошол эле чек арага жакын курулган Кара-Суу шаарына караштуу “Садыкжан Камалов” мечит-медресеси да көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу менен туура эмес курулуп калган имарат алынып, жол ачылды жана өрт коопсуздугун сактоо максатында этияттык жолдору ачылууда. Кызуу жүрүп жаткан жумуштан облус казысы жерине барып кабар алды.

Эскерте кетсек, казыяттын демилгеси менен имаратты бузуу үчүн 40 миң сомго жумушчулар жалданды.

Пикир

Оставить комментарий