Бишкек мэриясында Курман айт намазына даярдыктар талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкек мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында күч түзүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусунда координациялык комиссиянын жыйыны өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында быйыл 16-июнга туура келген Курман айт намазын окууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Айт намазды Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окууну токтотуу чечимине байланыштуу, майрамдык айт намазы борбор калаанын мечиттеринде окулат.

Бишкек мэри шаардык коммуналдык кызматтарга мечиттерге жакын аймактардагы тазалык жана көрктөндүрүү маселелерине көңүл бурууну тапшырды.

Борбордук ички иштер башкы башкармалыгына майрам жана дем алыш күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле шаардагы чоң мечиттер жайгашкан көчөлөрдө унаа тыгындарынын алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди күчөтүү, анын ичинде диний жайларда өрткө каршы, борбордогу чоң мечиттерге бир өрт өчүрүү бригадасы бекитүү милдеттендирилди.

Ошондой эле шаардагы ири мечиттерди тез жардам бригадалары менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мэриянын Транспорт департаменти Курман айт күнү жана айт намазы учурунда саат 05.30дан тарта коомдук транспорттун ишин камсыздайт, бирок автобус жана троллейбустардын жүрүү аралыгы кыскарат.

Пикир

Оставить комментарий