Бишкекте боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады

Ден соолук 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкекте боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, трансплантологдор тобу боорду алмаштыруу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү аяктады, бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.

Учурда адистер ооруканада нөөмөттө туруп, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардамды камсыз кылышууда.

Операция 9 саатка созулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган кыргыз-түрк адистери катышты.

Пикир

Оставить комментарий