• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү байкалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн аптада КРВИ жана сасык тумоонун өсүшү байкалды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 6 миң 578 учуру (и.к. 92,7) катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу +20,7%га көп.

“Ооругандардын ичинен 67%ын 14-жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1810 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,6%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,1%, парагрипп 17,2% жана башка вирустар 25,1% түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий