• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Юстиция министрлигинде санариптик системалардын бет ачары өттү

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Юстиция министрлигинде "Электрондук нотариат 2.0" жана "Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы күжүрмөн режиминде иштей баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, санариптик системаларды презентациялоо иш-чарасына юстиция министри Аяз Баетов, КР президентинин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Буржуев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ жана Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Марк Боуман катышты.

Долбоорлор Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан каржыланат.

Эл аралык өнөктөштөргө министрликтин жаңы реформалары жана санариптик багыттагы жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди.

- 2024-жылдын 1-февралынан тартып "Электрондук нотариат 2.0" АМС күжүрмөн режинде ишке киргизилген.

Модернизациялоонун алкагында жокко чыгарылган ишеним каттардын ачык реестри, идентификациялоонун бирдиктүү системасы, «Жарандын жеке кабинети» модулу аркылуу, кызматкерлерди (администраторлорду) авторизациялоо жүргүзүлөт. Анда эки факторлуу аутентификация: нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр жана биометрикалык идентификациялоо (манжалардын издери) алуу үчүн кайрылган арыз ээлерин жана нотариустарды фото-фиксациялоо менен колдонуучуларды верификациялоо жана аутентификациялоо болжолдонууда.

Нотариалдык иш аракеттерди аралыктан жасоо үчүн арыз ээсинин булуттук электрондук кол тамгасы аркылуу жеке кабинети түзүлөт. Эки же андан көп нотариустардын катышуусу менен онлайн бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

- Юстиция министрлигинин буйругуна ылайык, 28-февралдан тартып "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо" АМС күжүрмөн режимде ишке киргизилген.

Эми юридикалык жактарды каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоону электрондук формада жүргүзүүгө мүмкүн. Бул үчүн арыз ээси маалыматтык системада документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген булутка негизделген электрондук кол тамгага ээ болушу зарыл. Документтер каттоочу органга кагаз алып жүрүүчүнүн электрондук форматы түрүндө берилет.

Мындан тышкары, юстициянын аймактык бөлүмдөрүндө юридикалык жактарды каттоого, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоого мамлекеттик алымды төлөө үчүн QR-код аркылуу "О! Деньги" жана "Мбанк" электрондук капчыгы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди.

Ошондой эле юридикалык жактарды каттоо системасын реформалоо максатында салык режимин тандоо, ошондой эле камсыздандыруу тарифинин тандоо Юстиция министрлигинин тарабынан жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий