Бишкек мэриясында шайлоо боюнча штаб өттү

Коом 0

Бишкек, 05.06.24./Кабар/. Бишкек мэриясында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда шайлоо штабы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды.

Нуржан Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан кийин маалымат кампаниясы башталат.

Өз кезегинде Мирланбек Байгончоков тиешелүү кызматтарга шайлоо участкаларынын коопсуздугун камсыздоо, материалдык-техникалык жана транспорт жактан камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Жыйындын катышуучуларына мэрдин биринчи орун басары «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге референдумду жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө катышууга тыюу салынаары жөнүндө эскертти.

Пикир

Оставить комментарий