Бишкек мэриясында жаш кикбоксчулар менен жолугушуу өттү

Спорт 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде алтын уткан спортчулар менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда мэрдин орун басары спортчуларды мелдештеги ийгиликтүү көрсөткүчү менен куттуктап, спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле эл арасында кеңири жайылтууга кошкон салымын баса белгиледи.

Татами дисциплинасы боюнча кикбоксинг боюнча эл аралык турнир 20-июнундан 22-июнга чейин Флорида штатынын Клируотер шаарында өттү.

Кыргызстандын атынан @team_basyz ышкыбоздор спорт клубунун жаш кикбоксчулары катышты.

Белгилей кетсек, мелдешке 7 спортчу барып, тогуз медалга ээ болушкан: эки алтын, үч күмүш жана төрт коло.

Пикир

Оставить комментарий