Бишкек мэриясынын алдында Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын алдында Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мекеме отун-энергетика комплексинин объектилеринин ишенимдүү, туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылууга багытталган Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирдиктүү саясатын жүргүзүү максатында түзүлдү.

Департамент президенттин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 токтомунун негизинде түзүлгөн, ага ылайык Бишкек шаарынын мэриясына муниципалитеттин түзүмүнө шаардын отун-энергетикалык комплексинин ишин уюштуруучу мекеме болгон ишкананы түзүү тапшырылган.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин бул токтому менен "Электр станциялары" ААКнын Бишкек ЖЭБи жана "Бишкекжылуулук" ААК филиалдарынын мүлк комплекстери Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетика комплекси департаментине Бишкек шаарынын жылуулук, газ жана электр менен жабдуу тармактарын эксплуатациялоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды координациялоо жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилди.

Пикир

Оставить комментарий