• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Россияда укук коргоо кызматкерлеринин белгисиз жаранга күч колдонгону боюнча тактоо иштери жүрүүдө - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактарда Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин белгисиз жаранга карата күч колдонгону тууралуу видеоматериал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин маалыматына караганда, учурда элчилик окуянын чоо-жайын тактоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Ошондой эле элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан социалдык түйүндөрдө деструктивдүү мүнөздөгү такталбаган маалыматтарды жана комментарийлерди таркатпоого чакырат.

Ошол эле учурда бул иш боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейбиз.

Пикир

Оставить комментарий