Бишкек мэри Жунушалиев космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын тургуну, сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

"Бишкек мен үчүн жөн эле туулуп өскөн жер эмес. Менин космоско учуу кыялым ушул жерде жаралган», - деп белгиледи жолугушуу учурунда Сергей Корсаков.

Айбек Жунушалиев Корсаковго келип бергени үчүн ыраазычылык билдирип, эсте каларлык белек тапшырды. Өз кезегинде, Сергей Корсаков космостон алынган архивдик сүрөтүн тартуулады.

«Сиздин өз шаарыңызды унутпаганыңыз кубандырат. Сиз өз аракетиңиз менен өсүп келе жаткан муунга кыялдар орундаларын көрсөттүңүз», - деди Айбек Жунушалиев.

Жолугушуу жылуу жана достук кырдаалда өттү.

Пикир

Оставить комментарий