Бишкек, 10-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 30-мартында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында, Кара-Үңкүр участогунда, артиллериялык аттыруу аркылуу кар көчкү түшүрүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.
Ушуга байланыштуу саат 11.00дөн 17.00гө чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан жана Нарын районунун Оттук айылынан унаа каттамы жабылат.
Жол коопсуздугун сактоо максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу жолго чыгууну токтото турууну сунуштайбыз.
Пикир
Оставить комментарий