• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун ашуу тилкелериндеги абал тууралуу айтылды

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бишкек -Нарын-Торугарт авто жолундагы Долон, Кызыл-Бел ашууларында 5 см кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол тазалоо иштери жүргүзүлүп, инерттик материалдар себилди.

Учурда күн бүркок, жол ачык, каттам бар.

Ат-Башы районунудагы Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 65-80 чакырымында да кар жаап, тазалоо иштери жургүзүлгөн. Учурда күн бүркөк.

Ак-Бейит, Түз-Бел жана Торугарт ашууларында бир сыйра жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүп, инерттик материалдар себилди.

Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдар даярдалып толук көзөмөл жүгүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий