• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташиев: Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга коркунуч жаралышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Афганистандагы курчуп кеткен кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга коркунуч жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Афганистан тараптан Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында кырдаал курч болууда.

“Биздин өлкөгө карата дагы коркунуч бар. Өзбекстан жана Тажикстандын аймагына качып кирген качкындар биздин өлкөгө дагы өтүшү ыктымал. Биз мындай коркунучтарга даярдык көрүүдөбүз. Бул багытта активдүү иштер жүрүүдө”, - деди ал.

Мындан тышкары УКМК башчысы билдиргендей, Сирияда жүргөн Борбор Азиядан чыккан согушкерлердин өз өлкөсүнө кайтуусу байкалууда.

“Учурда алар Афганистан аркылуу келишүүдө. Сирияда жүргөн биздин жарандар тарабынан да коркунуч жаралууда. Бизге коркунуч туулушу мүмкүн. Биздин иш ушул террордук топтордон улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий