Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постундагы убактылуу чектөө саат 13:00дө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин саат 10:15те Арал посту унаалардын бардык түрү үчүн ачылган.
Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 60-чакырымында (Өтмөк ашуусу) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:00до алынды.
“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Транспорт министрлиги кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Белгиленгендей, чектөөлөр аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, жол кырсыгын алдын алып, жасалма тыгын болтурбоо максатында киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий