• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чолпон-Атада Жусуп Абдрахманов атындагы сейил бакка ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта республикалык ишембиликтин алкагында өлкөнүн бардык аймактарында ишембилик жүрүп, бак-дарак көчөттөрү отургузулууда.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, облус башчысы Алтынбек Сулайманов жана Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов баш болгон топ Чолпон-Ата шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы сейил бакка ак кайыңдын көчөттөрүн отургузушту.

Ошондой эле Каракол шаарында, Тоң, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондорунда да ишембилик өтүп, көчөттөр отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий