• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 99 жаңы ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.21. /Кабар/. Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 99 жаңы ишкана ачылды. Мунун натыйжасында 500дөн ашуун жумушчу орун түзүлгөн. Бул туралуу облустун алты айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды, - деп маалымдайт президенттин облустагы өкүчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйынды президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү бекитилген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө сөз болду.

Маалым болгондой, өнөр жай тармагынын физикалык көлөмүнүн өсүү темпи 98 пайызды түзгөн. Облустун экономикасынын локомотиви болгон тоо-кен тармагы 98,1 пайызга, жалпы өнөр жай жаатынын продукциясындагы тармактын үлүшү 52,8 пайызды ээлеген.

Жарым жылдыкта облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 3569,0 млн сомдук салык жыйналган. План 111 пайызга жеткен. Республикалык бюджетке төлөнүүчү салыктарга Аксы, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаарлары жетпей калганы белгиленди. Облус башчысы өнбөй калган төлөмдөрдү салык кызматкерлерине планга жеткирүүнү табыштады. Жыйымдарды өз учурунда жүргүзүп, маселелердин үстүндө эффективдүү иштөө керектигин айтты.

Ошол эле учурда жетекчилерди кыш камылгасын колго алып, электр энергиясын колдонууда белгиленген лимиттен ашпоого чакырды.

"Эл арасында электр жарыгы көп өчүп жатканы айтылып, нааразы болгондор бар. Ошондуктан элге алдын-ала эскертүү берилип өчүрүлүп турушу керек. Бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да көмөк бериңиздер", – деген облус башчысы.

Күн тартибинде социалдык тармактар боюнча да каралып, ымыркайлардын өлүм көрсөткүчү өскөнү белгиленди. Анда 2021-жылдын 6 айында 13 миң 378 жаш бала төрөлүп, 195 бир жашка чейинки балдар өлүмү катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20 балага көбөйгөн. Район-шаарлар ичинен Базар-Коргондо–15, Ноокене 7, Жалал-Абад шаарында 5ке өскөн. Мындан улам ыйгарым укуктуу өкүл балдар маселесин олуттуу кароого чакырды.

"Бир район үчүн 15 бала абдан көп. Бул баарыбыз ойлоно турган абал. Себептерин тактап, толук анализ жүргүзүлүшү керек. Базар-Коргон, Ноокен районунун социалдык маселелер боюнча акимдин орун басарларына эскертүү бергиле. Башка да тийиштүү кызматкерлер боюнча да маселе каралышы керек", – деди Сыргабаев.

Алдыда пландык көрсөткүчтөргө жетүү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын эл менен тыгыз иштөө, салык кызмат өкүлдөрү жыйымдардан чыгуу, санариптештирүү боюнча жүрүп жаткан иштерди жандандыруу багыттары боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий