Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 101-чакырымында күн мурун кечки саат 20:20лар чамасында "Ауди С4" үлгүсүндөгү жеңил унаа менен "Скания" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, 63 жаштагы К.Б. жана жүргүнчүсү, 32 жаштагы Б.у.Б ооруканага жеткирилген.

Ал эми дагы үч жүргүнчү, бир эркек жана эки аял кырсык болгон жерде каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугун жана эрежелерин так сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий