Бишкекте чайканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бишкектин Бакаев көчөсүндө жайгашкан "Ак-Бата" чайканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 11:33тө чектөөгө алынып, саат 12:58де толук өчүрүлдү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам, чайканага жакын жайгашкан 2 турак үй сакталып калды. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий