• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда энеси кызын бычактап өлтүрдү

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Жалал-Абадда мас абалындагы аял кызын бычактады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине милициядан билдиришти.

Күч органдарынын берген маалыматына караганда, 1-августта саат 23:00 чамасында Таш көмүрдө мас абалындагы 55 жаштагы аял кызын коркутайын деген.

“Ал бычакты кызынын ичине коюп ары киргизип жиберген. Кыз ооруканага жеткирилип, көп кан жоготкондуктан көз жумган”, - деп билдиришти милициядан.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий