• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүп, унааны басып калган

Кырсык 0


Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Кечээ, 10-январда саат 23:45тер чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү түшкөн жер тазаланып, басып калган жеңил унаа чыгарылган. Ичиндеги адамдар аман-эсен экендиги айтылат. Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түздү.

“Алгач каттам толугу менен жабылган. Учурда Сосновка посту жеңил унаалардын өтүүсүнө ачык, бирок жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий