• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте №8 балдар бакчасы капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 11.01.23./Кабар/. Бишкекте №8 бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдар бакчасынын ачылышына калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев катышты.

Жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат 4 тайпага ылайыкталган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,38 га, ал эми курулган аянты 640 чарчы метрди түзөт.

Бала бакчага инженердик тышкы тармактар: короо ичиндеги канализация, жылытуу системасы, суу түтүктөрү, бүт имаратка тышкы электр кабели тартылып, имараттын ичи жасалып, фасады жылууланып, (декоративдик шыбак), асма шыптар орнотулду. Ошондой эле полду монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Жылытуу системасы, электр системасы, полдун электр панелдери толугу менен алмаштырылды, сантехника иштери бүткөрүлдү.

Мындан тышкары, резина капталган төрт балдар аянтчасы көрктөндүрүлүп, бала бакчанын аймагына таман таштар төшөлдү. Мекеменин аянты боюнча темир тосмо орнотулуп, жер төлөсүнө желдеткич орнотулуп, жашылдандырылды.

Пикир

Оставить комментарий