• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы дин кызматкерлерине бирдиктүү форма тигилди

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Кыргызстандагы жалпы дин кызматкерлерине бирдиктүү 3 800 форма тигилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык бүгүн, 31-майда Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев имам Сарахси атындагы башкы мечитте Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине дин кызматкерлери үчүн тигилген бирдиктүү формаларды тапшырды.

Саамалыкка Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев, муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев катышып, дин кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий